INILIFE.RU

Күнүмдүк архив: 31.10.2018

«Адам сатууга каршы 100 күн!»

«Адам сатууга каршы 100 күн!» акциясынын алкагында райондо жөө жүрүш марафон-эстафетасы өткөрүлдү. Иш чарага мектеп окуучулары, жаштар, жергиликтүү калк катышып, эстафетаны бир айылдан бир айылга өткөрүп жатышты.иш чаранын катышуучуларынын өмүрүн коопсуздугун сактоо максатында райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана үй бүлөлүк медицина борборунун тез жардам кызматы коштоп жүрдү.

Ошондой эле «Адам сатууга каршы 100 күн!» акциясынын негизинде спорттук оюндар да өткөрүлдү.

Аймактарды өнүктүрүү жылы! …

Аймактарды өнүктүрүү жылы! АРИС уюму жана Ак-Там айылдык аймагынын биргелешкен долбоорунун алкагында  дагы бир МТЗ-82 макраксындагы трактор айыл чарба шаймандары менен кошо алынды. Жалпы суммасы 2 361 000 сомду тузот. Долбоордун 25 пайызы жергиликтуу бюджеттин эсебинен 75 пайызы АРИС уюму тарабынан каржыланды.

Адам сатууга каршы күрөшүү… 100 күн…

«Адам сатууга каршы күрөшүү 100 күн» аталышындагы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2017-2020-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү» программасын ишке ашыруу максатында Ала-Бука ҮМБнын ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн адистери Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жыйындар залында»Эне мээрими» акциясы өткөрүлдү. Акцияны ДЧК адистери менен биргеликте рай. администрациясынын башкы адиси Г.Курманбаева, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын райондогу адиси С.Айтиева жана Ала-Бука Айыл өкмөтүнөн К.Мырзалиева сөзгө чыгышты. Акцияга 26 кош бойлуу жана 2 жашка чейинки балдардын энелери катышышты жана энелерге өлкөдө энелер менен балдардын ортосундагы мамиле, ымыркайларды жакындарына таштап ички жана тышкы миграцияга азгырылып кетүүсүнүн себебинен ортодогу мээримдин жоголуп бараткандыгынын себебинен ортодогу мээримдин жоголуп баратканды боюнча маалыматтар берилди. Үй-бүлөдө баланы пландоо менен түзүп, мээрим менен балдарды өстүрүү сунушталып кеңештер берилди.

Scroll To Top