09 | Октябрь | 2018 | Alabuka.kg
INILIFE.RU

Күнүмдүк архив: 09.10.2018

Региондорду өнүктүрүү жылы… Ак-Там айылдык аймагында.

Региондорду өнүктүрүү жылы! Ак-Там айылдык аймагынын Кызыл-Ата айылында көп жылдардан бери айыл эли күтүп келген балдар бакчасынын пайдубалын түптөө аземи, айыл аксакалдары, район жетекчилери жана КР Жогорку Кеңешинин депутаты Азизбек Турсунбаевдин катышуусунда болуп өттү! Балдар бакчасынын жалпы сметалык баасы 22.480.000 сом. Балдар бакчасы 90 орунга ылайыкташтырылган.Курулуш райондук өнүктүүрүү фонду тарабынан каржыланууда. Айылдык аймагыбызда социалдык курулуштардын башаты болсун!

Ак-Там айылдык аймагында дыйкандар комбайндуу болушту.

Ак-Там айылдык аймагында жакшы саамалык болуп өттү.Президентибиздин аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, дыйкандар көптөн бери самап келген дан оруучу «Палессе» үлгүсүнөгү комбайндуу болушту.Райондук өнүктүрүү фондуна атайын долбоордун негизинде өздүк баасы 5 650 000 сомдук техника, Ак-Там айыл өкмөтү тарабынан сатып алынды.

Scroll To Top
Translate »