INILIFE.RU
Башкы бет / 2018 / Октябрь

Айлар боюнча архив: Октябрь 2018

«Адам сатууга каршы 100 күн!»

«Адам сатууга каршы 100 күн!» акциясынын алкагында райондо жөө жүрүш марафон-эстафетасы өткөрүлдү. Иш чарага мектеп окуучулары, жаштар, жергиликтүү калк катышып, эстафетаны бир айылдан бир айылга өткөрүп жатышты.иш чаранын катышуучуларынын өмүрүн коопсуздугун сактоо максатында райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана үй бүлөлүк медицина борборунун тез жардам кызматы коштоп жүрдү.

Ошондой эле «Адам сатууга каршы 100 күн!» акциясынын негизинде спорттук оюндар да өткөрүлдү.

Аймактарды өнүктүрүү жылы! …

Аймактарды өнүктүрүү жылы! АРИС уюму жана Ак-Там айылдык аймагынын биргелешкен долбоорунун алкагында  дагы бир МТЗ-82 макраксындагы трактор айыл чарба шаймандары менен кошо алынды. Жалпы суммасы 2 361 000 сомду тузот. Долбоордун 25 пайызы жергиликтуу бюджеттин эсебинен 75 пайызы АРИС уюму тарабынан каржыланды.

Адам сатууга каршы күрөшүү… 100 күн…

«Адам сатууга каршы күрөшүү 100 күн» аталышындагы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2017-2020-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү» программасын ишке ашыруу максатында Ала-Бука ҮМБнын ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн адистери Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жыйындар залында»Эне мээрими» акциясы өткөрүлдү. Акцияны ДЧК адистери менен биргеликте рай. администрациясынын башкы адиси Г.Курманбаева, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын райондогу адиси С.Айтиева жана Ала-Бука Айыл өкмөтүнөн К.Мырзалиева сөзгө чыгышты. Акцияга 26 кош бойлуу жана 2 жашка чейинки балдардын энелери катышышты жана энелерге өлкөдө энелер менен балдардын ортосундагы мамиле, ымыркайларды жакындарына таштап ички жана тышкы миграцияга азгырылып кетүүсүнүн себебинен ортодогу мээримдин жоголуп бараткандыгынын себебинен ортодогу мээримдин жоголуп баратканды боюнча маалыматтар берилди. Үй-бүлөдө баланы пландоо менен түзүп, мээрим менен балдарды өстүрүү сунушталып кеңештер берилди.

«Чакадагы сууну жеткирели»…

2018-жылдын 11-октябрында Жалал Абад областынын Кара-Көл шаарында «Чакадагы сууну жеткирели» ураанынын астында ДМЧАлар арасында  областтык IX спартакиада болуп өттү. Ага областын аймагынан келген спортко ышкыбоз жана чыныгы чемпиондор катышышып, ДМЧАлар күч сынашты. Быйылкы спартакиадага да Ала-Бука районунан барган 12 оюнчудан турган курама команда да катышып, 1-орунду камсыз кылышты. «Спорт — ден соолуктун булагы» демекчи, ДМЧА спортчулар дайыма сергек жашоого умтулушуп райондун намысын коргоп, байгелуу орундарга ээ болушуп, диплом сыйлыктар менен сыйланып келишти.

Ала-Букарайондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиясы…

Бүгүн 11.10.2018-ж. райондун экономика тармактарын жана калкын 2018-2019-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоонун абалы жана милдеттери жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиясы болуп өттү. Коллегияда кышка карата даярдык боюнча айыл өкмөттөрдүн, электр тармактары ишканасынын, ДЭУ-17 жол ишканасынын маалыматтары угулуп, тапшырмалар берилди. Ал эми кышка карата мектеп, бала бакчалардын, ФАП-ҮДТ, ооруканалардын даярдыгы боюнча кеңири токтолуп, герметизация, көмүр отун менен камсыз кылуу, электр кубаттуулуктарын текшерүү, электр чубалгыларына тоскоол болгон бак дарактарды кыюу боюнча тапшырмалар берилди.

Региондорду өнүктүрүү жылы… Ак-Там айылдык аймагында.

Региондорду өнүктүрүү жылы! Ак-Там айылдык аймагынын Кызыл-Ата айылында көп жылдардан бери айыл эли күтүп келген балдар бакчасынын пайдубалын түптөө аземи, айыл аксакалдары, район жетекчилери жана КР Жогорку Кеңешинин депутаты Азизбек Турсунбаевдин катышуусунда болуп өттү! Балдар бакчасынын жалпы сметалык баасы 22.480.000 сом. Балдар бакчасы 90 орунга ылайыкташтырылган.Курулуш райондук өнүктүүрүү фонду тарабынан каржыланууда. Айылдык аймагыбызда социалдык курулуштардын башаты болсун!

Ак-Там айылдык аймагында дыйкандар комбайндуу болушту.

Ак-Там айылдык аймагында жакшы саамалык болуп өттү.Президентибиздин аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, дыйкандар көптөн бери самап келген дан оруучу «Палессе» үлгүсүнөгү комбайндуу болушту.Райондук өнүктүрүү фондуна атайын долбоордун негизинде өздүк баасы 5 650 000 сомдук техника, Ак-Там айыл өкмөтү тарабынан сатып алынды.

Карысы бардын, ырысы бар…

Бүгүн Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы райондун карыларын майрамы менен куттуктады. Алар үчүн «Адашкан адам» аттуу спектакль тартууланып, Ала-Бука ресторанында сый тамак тартууланып, белектер берилди. РМА нын башчысы-аким Э.Абдыкадыров майрам менен куттуктап, район үчүн эмгеги сиңген чоң ата, чоң энелерге «Акылман Ата»,»Кадырлуу карыя»,»Ажарлуу Эне»ж.б. наамдарды тапшырды. Иш-чарага айылдык аймактардын башчылары, райондук маданият бөлүмү, социалдык фонд жана социалдык өнүгүү башкармалыктары активдүү катышышты.

Scroll To Top