INILIFE.RU

Жылдык архив: 2018

БАЛАТЫ МАЙРАМЫ….

Ала-Бука районунда акимдин балаты майрамы жогорку деңгээлде өттү. Аз камсыз болгон, турмуш шарты оор үй бүлөлөрдөн 60 бала катышып, белектер менен кайтышты. Балдар үчүн билим берүү бөлүмүнүн чыгармачылык үйүнүн тарбиялануучулары майрамдык маанай тартуулашты. Мындан сырткары Шекафтар шаарчасындагы мектеп интернатта тарбияланып жаткан Ала-Букадан барган 41 турмуш шарты оор балдар да рай администрациясынын башчысы аким Э.Абдыкадыровдун белектерине ээ болушту.

Толугун окуу »

«Биз биргебиз!»

3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк ДМЧАдын күнүнө арналган»Биз биргебиз!» иш-чарасы болуп өттү.  Райондун аймагындагы бардык айылдык аймактардан келген 100 жаранга райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров, орун басары К.Усенбаева, Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төрагасы М.Мамырбековдор белектерди тапшырып, «Бакыт Ордо» тойканасында сый тамак тартууланды.

 

1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү!….

Бүгүн Ала-Бука районунун борборунда «Бүткүл дүйнөлүк СПИД ке каршы күнүнө» карата акция болуп өттү. Акцияга аймактык ооруканасынын, үй бүлөлүк медицина борборунун жана Ала-Бука колледжинин студенттеринин, Т.Балтагулов атындагы орто мектебинин окуучулары активдүүлүгүн көрсөтүштү. Жалпы райондун тургундарына жана конокторуна маалыматтар берилип, маалым кагаздар таркатылды

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата дагы бир жакшы саамалык…

Көк-Серек айыл өкмөтүндө МТЗ 82 тракторлору 3 даана, прицеп 1даана, пресспадборщик 1даана тапшырылды. Аристен каржыланып калган 15 пайызын элдин салымы жергиликтүү бюджеттен каржыланды. айыл чарба техникалары  тандалган айдоочуларга тапшырылды.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын Өрүктү айыл аймагына иш-сапары…

2018-жылдын 13-ноябрында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Абдыкадыров Эмилбек Ысакович Өрүктү айыл айманынын аппарат кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда төмөнкү маселелер каралды:
1. Аппарат кызматкерлери менен таанышуу.
2. Айыл аймагында 2018-жылга түзүлгөн иш пландардын аткарылышын талкуулоо.
3. 2019-жылдын иш план түзүү жана иш пландын аткарылышы тиешелүү адистерге жүктөлдү.

 

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата иш-аракеттер…

Өрүктү айыл аймагынын Орто-Токой, Чолок-Тума айылдарында жаңы курулуп жаткан 75 орундуу «Ширин» мектепке чейинки билим берүү  уюмунун капиталдык курулушунун капсула коюу аземи болуп өттү. Балдар бакчасы Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунан каржыланып, 20 865 000 миң  сомдук тендерди Мавлянкулов Жаркынбек жетектеген ОсОО «ТЧК» компаниясы утуп алды.

 

Региондорду өнүктүрүү жылы!

Таза суу менен айыл элин камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн негизги милдеттеринин бири.
Ак-Там айылында 1300 метрге таза суу линиясы тартылып, жаны резервуар куруу иштери жана негизги борбордук сыйымдуулугу 800 метр/куб болгон башкы курулманын реабилитациялоо иштери жүрүүдө. Долбоордун жалпы сметалык баасы 4 253 000 сом. Долбоор райондук өнүктүүрүү фонду тарабынан каржыланууда.

» Аялдар үй-бүлөлүк зомбулукка каршы»…

» Аялдар үй-бүлөлүк зомбулукка каршы» семинары Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жыйындар залында өттү. Семинарга райондук мамлекеттик администрациясынан, жаштар комитетинин өкүлдөрү, айыл башчылар, маала комитеттери, аялдар кеңештеринин өкүлдөрү, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Семинарда Елена Иванова кеңири маалымат менен тааныштырды.

Райондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиясы.

Райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 2018-жылдын 9 айында райондун социалдык-экономикалык  тармагындагы аткарылган иштер,алдыга коюлган милдеттер маселесиндеги коллегиясы болуп өттү. Мында райондун жетишкен жактары менен бирге эле кемчиликтер айтылып, тиешелүү жактарга милдеттендирди. Аны менен бирге эле жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында конкреттүү тапшырмалар берилди.

«Адам сатууга каршы 100 күн!»

«Адам сатууга каршы 100 күн!» акциясынын алкагында райондо жөө жүрүш марафон-эстафетасы өткөрүлдү. Иш чарага мектеп окуучулары, жаштар, жергиликтүү калк катышып, эстафетаны бир айылдан бир айылга өткөрүп жатышты.иш чаранын катышуучуларынын өмүрүн коопсуздугун сактоо максатында райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана үй бүлөлүк медицина борборунун тез жардам кызматы коштоп жүрдү.

Ошондой эле «Адам сатууга каршы 100 күн!» акциясынын негизинде спорттук оюндар да өткөрүлдү.

Scroll To Top