Ала-Бука педагогикалык коледжинде Чернобыль апаатынын 33 жылдыгы белгиленди. Ала -Бука районунан 28 ардагер чакырылып, Ала-Бука коледжинин студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары К.Усенбаева баштаган мекеме уюмдардын өкүлдөрү катышып, өз сыйлыктарын тартуулашты.Ошондой Чернобыль АЭСнын катышуучуларына ардак громата жана акчалай сыйлыктар Ала-Бука айыл өкмөтү тарабынан да берилди.
Чернобыль апаатынын катышуучулары менен биргеликте үй-бүлө мүчөлөрунө сый-тамак тартууланды.
![Чернобыль апаатынын 33 жылдыгы белгиленди. Чернобыль апаатынын 33 жылдыгы белгиленди.](https://alabuka.kg/wp-content/uploads/IMG_20190426_225727-620x330.jpg)