INILIFE.RU
Башкы бет / РАЙОНДУН АКИМИ

РАЙОНДУН АКИМИ

                                       АБДЫКАДЫРОВ ЭМИЛБЕК ЫСАКУЛОВИЧ.

Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович 1964-жылы 1-сентябрда Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Ак-Тоок айылында туулган. 1971-1981-жылдары Ш. Абдраманов атындагы №12 Кыз-Көл орто мектебинде окуган. Мектепте окуган кезде, 1979-жылы республикалык конкурстун жеңүчүсү катары «Артек» Эл Аралык пионер лагерине жолдонмо алып, барып келген. 1981-1986-жылдары Новочеркаск шаарындагы С. Орджоникидзе атындагы политехникалык институтунун «Робототехника» факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун 1986-жылы «Нур» акционердик коомунда (мурдагы ШР заводу) инженер-наладчик кызматынан баштап, 1992-жылдарга чейин аталган заводто кую цехинин инженер-механиги, цехтин начальнигинин орун басары жана цехтин начальниги болуп иштеген. 1992-жылы жаңы уюшулган Жалал-Абад областынын областык мамлекеттик администрациясынын өндүрүш бөлүмүнүн башчысы жана өнөр жай иш-каналарынын ишин координациялоо комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.  1993-1995-жылдары Жалал-Абад областык Экономика башкармалыгын бөлүм башчысы, башкармалыктын начальнигинин орун басары болуп эмгектенген. 1995-1998-жылдары Жалал-Абад областык мамлекеттик администрациясынын өнөр жай жана экономика бөлүмүнүн референти, 1998-1999-жылдары Көк -Жаңгак шаарынын финансы бөлүмүнүн башчысы кызматтарын өтөгөн. 1999-2006-жылдары Жалал-Абад областтык администрациясынын өнөр жай, ишкердүлүк, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2006-2007-жылдары Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары, ноябрь 2007 — апрель 2008-жылдары Майлуу-Суу шаарынын мэринин кызматын аткаруучу, 2008-жылы Ыссык-Көл областынын Балыкчы шаарынын мэринин биринчи орун басары кызматтарында эмгектенген. 2008-2010-жылдары «Жалал-Абадэлектро» акционердик коомунун генеральдык директорунун орун басары, 2010-2014 –жылдары Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси кызматтарында иштеген. 2014-жылдан 2018-жылга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Ош жана Жалал-Абад областары боюнча  эксперти болуп иштеп келүүдө.

Жалал-Абад областынын инвестициялык программасын иштеп чыгуу долбоорун жетектеген, регионалдык өнүгүү программаларын иштеп чыгууга активдүү салымдарын кошуп келген. 2011-2014-жылдары областтык кеңешме комитетинин төрагасы болуп жемиштүү иштеген.

2018-жылдын апрель айынан тартып, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким болуп эмгектенип келүдө.

Социалдык экономикалык өнүгүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын эки жолку (1999, 2004-жылдары) «Ардак грамотасы», 2006-жылы Кыргыз Республикасынын өнөр-жай министрлигинин «Ардак грамотасы», 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Мүлк Фондусунун «Ардак грамотасы», 2011-жылы Кыргыз республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын «Ардак грамотасы» менен сыйланган.

Эки уул, эки кыздын атасы, төрт неберенин чоң атасы.

Профессианалдуу кызматтардан сырткары, жаш кезинен чыгармачылык менен алектенген, ыр жазып, бир нече обондурдун автору: «Кайдасын», «Апама», «Алтын-Шакек», «Өскөн айылым», «Кайгырба», «Махабатым» ж.б. 1988-жылы Ош областы боюнча өткөрүлгөн «Алтын-Шакек» теле сынагынын жеңүчүсү.  Мындан сырткары жакшы көргөн, атадан  калган, кызыккан өнөр кесиби — саяпкерчилик.

Коментарийлер жабылган.

Scroll To Top