7-май күнү Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги Америка Ордосу ресурстук борбору менен Жалал-Абад областык китепканасы, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы жана Ала-Бука райондук китепканасы менен биргеликте АКШнын Бишкектеги элчилигинин колдоосу менен STEAM (Илим, технология, инженерия, чеберчилик, жана математика тармагына арналган) «Китеп кербени» Ала-Бука районунда өткөрүлдү. Кербендин жүрүшүндө компьютердик программалоо, ойлоп табуучулук, кол өнөрчүлүк, ыр-бий, сүрөт конкурстары, китеп көргөзмөсү, англис тилинде конкурстар, Америка спорттук оюндары жана башка кызыктуу иш-чаралара жана мастер класстар өткөрүлдү. Бул конкурстарды, мастер класстарды Америка Ордосунун жана областтык китепкананын кызматкерлери, АКШда окуп келген студенттер, Тынчтык Корпусунун волонтерлору жана жергиликтуу волонтелор өткөрүштү….





