Жол маселеси талкууланды… | Alabuka.kg
INILIFE.RU
Башкы бет / Без рубрики / Жол маселеси талкууланды…
Жол маселеси талкууланды…

Жол маселеси талкууланды…

Бүгүн 2-июнь күнү Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Сатаров Нурбек Бейшеналиевичтин демилгеси менен 3 райондун акимдери жолугушуп, Терек-Сай Таш-Көмүр жолунун 165 чакырым стратегиялык жолдун көйгөйлөрүн талкулоо боюнча атайын жыйын өткөрүштү.

Жыйынга Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сыдыков Замир Бейшенович, Чаткал районунун акими Сенирбаев Алтынбек Жыргалбаевич
жана ДЭП ишкана жетекчилери, «Каз Минералз Бозумчак» кенинин коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Умар Изабаев, «Эти Бакыр Терек-Сай» компаниясынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Асел Акматалиева, «Фулл Голд Майнинг» Иштанберди алтын кенинин генеральный директору Чи Шуантан, Терек-Сай, Өрүктү айыл аймагынын башчылары катышты.

Жыйынды Ала-Бука акими Нурбек Бейшеналиевич ачып берип, райондогу эң чоң көйгөйлөрдүн бири жол маселесине токтолуп, тоо-кен тармагынын оор жүк ташуучу унаалардын ашыкча салмакта ташылып, жаңы салынган жолдор кыска убакытта бузулуп жаткандыктан ыңгайлуу болгон жерге жүк ташуучу унаалардын салмагын текшерүү үчүн тараза орнотуу боюнча оюн билдирип, тоо-кен тармагынан келген адистердин оюн укту. Бул боюнча эки райондун акимдери да ушул көйгөйдү өкмөттүк деңгээлде көтөрүп чыгып транспорт министрлиги менен биргеликте сүйлөшү жүргүзүү керектигин билдирип, Ала-Бука акиминин сунушун колдошту.

Андан сырткары жыйындагы экинчи маселе Чаткал, Ала-Бука, Аксы районунун элин облус менен байланыштырган Таш-Комур шаарчасынан Аксы районуна келе жаткандагы Кызыл-Жар 12 айылы тараптагы болжол менен 30 чакырым жолду 3 район биргеликте оңдоо боюнча атайын долбоордун суммасын сметалары жакынкы күнгө даярдоо боюнча ДЭП 17 ишканасына тапшырма берилди.

Өз сөзүндө Ала-Бука районунун акими Н.Бейшеналиевич учурдагы мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын эске алуу менен жолду оңдоого кеткен каражатты алтын кендерден жана райондогу өнүктүрүү фондунан андан тышкары коомчулукка талкууга коюп, ашар жолу менен болсо да оңдоо керектигин белгилеп өттү.

Жыйынга келген тоо-кен тармагынын өкүлдөрү райондук мамлекеттик администрациясы тараптан расмий кат жолдонсо жогоруда каралган маселелерди колдоорун билдиришти.

www.alabuka.kg

Scroll To Top
Translate »