Жеткинчек балдар бакчасында «Бактылуу балалык» аттуу майрам болуп өттү… | Alabuka.kg
INILIFE.RU
Башкы бет / АЙМАКТАР / КӨК-СЕРЕК / Жеткинчек балдар бакчасында «Бактылуу балалык» аттуу майрам болуп өттү…
Жеткинчек балдар бакчасында «Бактылуу балалык» аттуу майрам болуп өттү…

Жеткинчек балдар бакчасында «Бактылуу балалык» аттуу майрам болуп өттү…

1- июнь Балдарды коргоо күнүнө карата Көк-Серек айыл өкмөтүндө жайгашкан Ташбаева Умсунай атындагы «Жеткинчек» балдар бакчасында «Бактылуу балалык» аттуу майрам болуп өттү. Майрамга карата өзгөчө шаң менен даярдык болгону эшиктен аттап киргенде эле көрүнүп турду. Балдардын майрамдык маанайлары, Ата-энлерлердин толкундоолору, бакчанын жасалгасы кудум эле жомоктогудай. Майрамдык кечени бакчанын жетекчиси Салтанат Тоялиева ачып берип, бакчада болуп жаткан жетишкендиктерге токтолуп өттү. КазМинералс компаниясы тарабынан 450 м² жерге ашар жолу менен цемент төшөлүп, айыл өкмөтү тарабынан 50 000 сом акча каражаты бөлүнүп, материалдык жактан дагы жардамдар көрсөтүлгөнүн, ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 60орунга керебеттер алынганын айтып өтүлдү. Айыл өкмөт башчысы Камчыбек Исраилов балдарга чын дилинен каалоо тилектерин айтып,силер биздин эртеңки келечегибизсиңер, силерди ар тараптан колдогонго даярбыз деп, балдар үчүн алып келген түстүү телевизор жана тамак жылытуучу печкасын тапшырды, ошондой эле балдардын ар бир аткарган концерттик номерлерин кубануу менен кабыл алып жатты. Балдардын жашоосу керемет дүйнө турбайбы деп, кубанганын жашыра албай балдар менен сүрөткө түшкөнгө да үлгүрүштү…

www.alabuka.kg

Scroll To Top
Translate »