Алдыңкы окуучулар менен жолугушуу… | Alabuka.kg
INILIFE.RU
Башкы бет / Без рубрики / Алдыңкы окуучулар менен жолугушуу…
Алдыңкы окуучулар менен жолугушуу…

Алдыңкы окуучулар менен жолугушуу…

Бүгүн РБББ башчысынын уюштуруусу менен районубуздагы жакынкы мектептердин жакшы окуган бүтүрүүчүлөрү, аким Нурбек Сатаров менен жолугушту.

Анда окуучулар өздөрүнүн жүрөк түйшөлткөн суроолорун беришип, аким менен ой бөлүштү.
Келечектен көптү үмүттөндүргөн бүтүрүүчүлөргө эң негизгиси тил үйрөнүүгө, билим алуудан эч качан тажабай изденүүнүн үстүндө иштөөгө, тааныш издебей ар бир ишти билим менен чече билүүгө чакырып, берилген суроолор өз көзөмөлүндө болоруна токтолуп, өзүнүн иш тажрыйбасынан, жаштык күндөрүн айтып берди.

Ачык эшик күнүнүн соңунда окуучулар акимдин белектерин алышып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

www.alabuka.kg

Scroll To Top
Translate »