INILIFE.RU
Башкы бет / АКИМДИН ОРУН БАСАРЛАРЫ

АКИМДИН ОРУН БАСАРЛАРЫ

                                                  Сагымбаев Бектур Адбыразакович.

 

Сагымбаев Бектур Адбыразакович, 1974-жылдын 24-апрелинде Ала-Бука районуна караштуу Сары-Талаа айылында туулган. Улуту кыргыз, жогорку билимдүү. 1991-жылы орто мектепти аяктап, КМУУнун Физика-техникалык факультетин 1996-жылы ийгиликтүү аяктап, физик-инженер адистигине ээ болгон.

Үй-бүлөдө сегиз бир тууган. Атасы Сагымбаев Абдыразак 1936-жылы туулган. Атасы көп жылдар бою боюнча эмгектенип, райондун экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп келген жана 1984-жылы дүйнөдөн кайтыш болгон. Апасы Сагымбаева Буажар 1943-жылы туулган. Учурда пенсионер.

Жубайы Ешалиева Саида 1975-жылы туулган. учурда Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылындагы А.Акпаралиев атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенет.

1996-жылдан 2001-жылга чейин Ала-Бука айылдык өмөтүнүн салык инспектору, 2001-жылдан 2004-жылга чейин аталган айыл өкмөттө жооптуу катчы кызматында чейин эмгектенген. 2004-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясында “Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” профилинде окуп, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун менеджери адистигине ээ болгон. 2004-жылдан 2009-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жардамчысы, 2009-жылдан 2012-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын инспектору болуп эмгектенген. 2012-жылдан тартып, ушул күнгө чейин Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп эмгектенип келүүдө.

Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын отличниги жана запастагы офицери.Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

 

                                                     

Коментарийлер жабылган.

Scroll To Top