Айыл аймактарда эң керектүү долбоорлор ишке ашырылат… | Alabuka.kg
INILIFE.RU
Башкы бет / Без рубрики / Айыл аймактарда эң керектүү долбоорлор ишке ашырылат…
Айыл аймактарда эң керектүү долбоорлор ишке ашырылат…

Айыл аймактарда эң керектүү долбоорлор ишке ашырылат…

 

«Туруктуу жергиликтүү экономикалык өнүгүү» долбоорунун алкагында жумушчу пландарга ылайык квартал сайын максаттуу айыл аймактардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп турат.
Жолугушууда долбоордун координатору Эшмамбетов Элдияр: «Долбоордун компоненттери боюнча иш-чаралар жана пландар, ошондой эле максаттуу айылдык аймактарда Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү пландарын (ИЖЭӨП) аткаруу боюнча алдыдагы иш-чаралар менен тааныштырып, презентация учурунда ал, долбоордун негизги иш-аракеттери жөнүндө кыскача баяндама менен бөлүштү, ошондой эле ИЖЭӨПтү иштеп чыгуу, гранттык арыз сунуштар кандай процессте, максаттуу айыл өкмөттөрү укуктук, курулушка керектелүүчү документтер жөнүндө мааалымат берилди.

Иш-чаранын катышуучулары долбоорлорду ишке ашырууда бюджеттик маселелер бар экендигин жана АПШ(Архитектуралык пландоо шарттары), ИТШ (Инженердик-техникалык шарттар), ДСД (Долбоордук-сметалык документтер) даярдоо үчүн убакыт керектиги айтылды.

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынынын башчысы — аким Сатаров Нурбек Бейшеналиевич бул жаатта айыл өкмөттөрү тийиштүү мамлекеттик мекемелерге уруксат берүүчү кагаздарды кепилдик каты аркылуу даярдатып баштоо керектигин баса белгилеп өттү.

Иштин кызыкчылыгы үчүн жыйынга Ала-Бука райондук электр тармактары мекемесинин, Ала-Бука райондук Кадастр мекемесинин, Ала-Бука райондук шаар курулуш жана архитектура мекемесинин жетекчилери келип, долбоор менен иштеп жаткан айыл аймактардын аталган көйгөйдү өз ара макулдашуу менен тездетилген убакытта чечип берүүгө убада беришти.

Ага Хан Фондунун демилгеси менен ишке ашырылган долбоорлор айыл аймактарга муниципалдык базарларды шарты менен ачуу, скважина, жашыл бактардын санын көбөйтүү жана башка бир топ айылдын инфраструктурасын жакшыртуучу, көйгөйүн чечүүчү долбоорлор ишке ашырылат.

www.alabuka.kg

Scroll To Top
Translate »