INILIFE.RU
Башкы бет / БАШКЫ БЕТ / Эл аралык бизнес форуму….
Эл аралык бизнес форуму….

Эл аралык бизнес форуму….

Ала-Бука районунда «Аймактарды ар тараптуу өнүктүрүүдө ички потенциалдын дараметин арттыруу жана шериктештикте өнүгүүгө карай» аттуу эл аралык бизнес-форум болуп өттү.

Эл аралык бизнес форумга Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чаргынбаев Кайырбек Кабылбекович баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Өзбекстан Республикасынын Наманган облусуна караштуу Касансай жана Чуст райондорунан келген коноктор, инвестиция, туризм, бизнес жаатында ишмердүүлүк жүргүзгөн эки өлкөнүн ишкерлери катышты.

Иш-чара Ала-Бука районунун кол өнөрчүлөрү, айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жана жергиликтүү ишкерлер тарабынан даярдалган көргөзмө-жарманке менен таанышуудан башталды.

Бизнес форумду райондун акими Кайырбек Чаргынбаев ачып, ишкер чөйрөгө жагымдуу шарттарды түзүү, айрыкча чакан жана орто бизнеске инвестицияларды тартуунун актуалдуулугуна токтолуп өттү. Өз сөзүндө коңшу мамлекеттер менен жогорку алакада болуу маселелери өзгөчө орунда турарын белгилеп, бизнес-форумга ийгиликтерди жана бардык катышуучуларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү каалады.

Касансай районунун акиминин орун басары Салимжонов Бахтиёр Рахимжонович жана Чуст районунун акиминин жардамчысы Юсупов Шухратжон Адхамович сөзгө чыгышып, Ала-Бука элинин меймандостугуна ыраазычылыктарын билдирип өтүштү.

Эл аралык бизнес форумдун жүрүшүндө аймактарды ар тараптуу өнүктүрүү боюнча багыттар аныкталып, өз ара кызматташуу боюнча бир катар меморандумдарга кол коюлду.

Эки өлкөнүн кошуна жайгашкан райондорунун ортосунда кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюлуп, бизнес форум жогорку нотада жыйынтыкталды.

Коментарийлер жабылган.

Scroll To Top