INILIFE.RU
Башкы бет / СПОРТ

СПОРТ

Спортту жандай сүйөлү,кылмыштан алыс бололу…

Көк-Серек айыл өкмөтү РИИБү менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасында ар кандай кылмыштуулукту алдын алуу максатында «Спортту жандай сүйөлү,кылмыштан алыс бололу»-деген темада мектептер аралык 5-6-7-8-классынын окуучулар арасында спорттун 8 түрү ,аймактар аралык 9-10-11классынын окуучулар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Мелдештин жеңүүчүлөрүнө РИИБү жана айыл өкмөт тарабынан диплом,грамота жана төмөндөгүдөй акчалай сыйлыктар тапшырылды. 1-орун дирлом жана 4000 сом.
2-орун диплом  жана 3000 сом.
3 -орун диплом  жана 2000 сом.
Калган 7 командага ар бирине грамота 500 сомдон.
Мыкты оюнчу, мыкты коргоочу жана башка ушул сыяктуу номинациялар боюнча да диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чаранын жалпы чыгым фонду 15000 сомду түздү…

Курманбаев Абдиназар агабыздын жаркын элесине арналган турнир….

Ак-Там айыл аймагына караштуу Жапа-Салды айылында СССРдин волейбол спорт түрү боюнча курама командасынын оюнчусу жана волейбол боюнча спорт чебери маркум Курманбаев Абдиназар агабыздин жаркын элесине арналган спорттук турнир болуп өттү. Ачылыш аземинде Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Эмилбек Ысакулович баштаган бир катар жетекчилер, маркумдун туугандары сөзгө чыгышып, спортчуларга ийгилик каалашты. Иш-чарага район аймагынан келген волейбол командалары катышышып, жыйынтыгында:1-орунду Сары-Талаа, 2-орунду Кош-Алмурут, 3-орунду Келте жана 4-орунду Баймак командалары ээлешти. Жеңүүчүлөргө турнир кубогу жана акчалай сыйлыктар ташырылды.

«Дени сак эне — дени сак улут»

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен бардык айылдык аймактарынан, райондук мекеме ишканалардан түзүлгөн аялдар командаларынын арасында 8-Март аялдардын эл аралык майрамына карата’Дени сак эне- дени сак улут» аттуу спорттук мелдеш болуп өттү. Бул мелдеште Ак-Коргон айылдык аймагынын волейболчу кыздары биринчи орунду ээлеп, сыйлыктар жана кубоктун ээси болушту. Ал эми экинчи орунду Ала-Бука айылдык аймагынын кыздары багындырышты, сыйлыктарды райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Усенбаева тапшырып, жеңиштери менен куттуктады.

Scroll To Top