INILIFE.RU
Башкы бет / АЙМАКТАР / КӨК-СЕРЕК

КӨК-СЕРЕК

Кум тазалоочу жай курулуп башталды…

Көк — Серек айыл өкмөтүнө караштуу, Кош- Болот айылына баруучу айылдын эң башындагы арыка кум агызуучу жайга кум тазалоочу жай курулуп башталды. Кум агызуучу жай курулуп бүткөндөн кийин Кош — Болот айылындагы канал, арыктарга, үлүш жерлерге кум агып барбай жалпы аянты 190 га жер пайдаланууга жарактуу болуп калат.

Көк-Серек айыл аймагы Кош-Болот айылында жаңы мечит түптөлүүдө….

Көк — Серек айыл өкмөтүнүн Кош — Болот айылында Араптардын колдоосу менен мечиттин курулушу башталып, айылдын тургундары карап турбастан өздөрүнүн ашар жолу менен бүтүрүп берүү үчүн жумушун башташты. Ошондой эле айыл өкмүтү тарабынанда шагал кумдарын алып келип берилди. Ала-Бука айылынан керектуу курулуш материалдарын алып келүү үчүн жана Жалал — Абад шаарынан кирпичтерди ташып келүүгө техникалар бөлүнүп берилди. Ынтымак бар жерде ырыс бар дегендей ашар жолу менен жардам берген айыл тургундарына жана айыл өкмөтүнүн иштерине ийгиликтер боло берсин….

Таш-Арыкта сел ташкыны…

Көк — Серек айыл өкмөтүнүн Тенги айылындагы Таш-Арык участкасында катуу жамгыр жагандын кесепетинен сел жүрүп, айылдын тургундарына өтүүчү  жолду, арыктарды сел каптап кеткен. Суу жүрүүчү арыктар тазаланып ,100 кожолука баруучу жолдор оңдолуп, калыбына келтирилип,транспорт каттамдары кайрадан жолго коюлуп, айылдын тургундары суугат суулар менен камсыз болушту.Ошондой эле сайдын жээктери да тазаланууда Белгилей кетчү нерсе катуу нөшөрлөгөн жаан-чачын 2019-жылдын  2-май күнү жааган.

Жеткинчек балдар бакчасында «Бактылуу балалык» аттуу майрам болуп өттү…

1- июнь Балдарды коргоо күнүнө карата Көк-Серек айыл өкмөтүндө жайгашкан Ташбаева Умсунай атындагы «Жеткинчек» балдар бакчасында «Бактылуу балалык» аттуу майрам болуп өттү. Майрамга карата өзгөчө шаң менен даярдык болгону эшиктен аттап киргенде эле көрүнүп турду. Балдардын майрамдык маанайлары, Ата-энлерлердин толкундоолору, бакчанын жасалгасы кудум эле жомоктогудай. Майрамдык кечени бакчанын жетекчиси Салтанат Тоялиева ачып берип, бакчада болуп жаткан жетишкендиктерге токтолуп өттү. КазМинералс компаниясы тарабынан 450 м² жерге ашар жолу менен цемент төшөлүп, айыл өкмөтү тарабынан 50 000 сом акча каражаты бөлүнүп, материалдык жактан дагы жардамдар көрсөтүлгөнүн, ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 60орунга керебеттер алынганын айтып өтүлдү. Айыл өкмөт башчысы Камчыбек Исраилов балдарга чын дилинен каалоо тилектерин айтып,силер биздин эртеңки келечегибизсиңер, силерди ар тараптан колдогонго даярбыз деп, балдар үчүн алып келген түстүү телевизор жана тамак жылытуучу печкасын тапшырды, ошондой эле балдардын ар бир аткарган концерттик номерлерин кубануу менен кабыл алып жатты. Балдардын жашоосу керемет дүйнө турбайбы деп, кубанганын жашыра албай балдар менен сүрөткө түшкөнгө да үлгүрүштү…

Спортту жандай сүйөлү,кылмыштан алыс бололу…

Көк-Серек айыл өкмөтү РИИБү менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасында ар кандай кылмыштуулукту алдын алуу максатында «Спортту жандай сүйөлү,кылмыштан алыс бололу»-деген темада мектептер аралык 5-6-7-8-классынын окуучулар арасында спорттун 8 түрү ,аймактар аралык 9-10-11классынын окуучулар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Мелдештин жеңүүчүлөрүнө РИИБү жана айыл өкмөт тарабынан диплом,грамота жана төмөндөгүдөй акчалай сыйлыктар тапшырылды. 1-орун дирлом жана 4000 сом.
2-орун диплом  жана 3000 сом.
3 -орун диплом  жана 2000 сом.
Калган 7 командага ар бирине грамота 500 сомдон.
Мыкты оюнчу, мыкты коргоочу жана башка ушул сыяктуу номинациялар боюнча да диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чаранын жалпы чыгым фонду 15000 сомду түздү…

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата дагы бир жакшы саамалык…

Көк-Серек айыл өкмөтүндө МТЗ 82 тракторлору 3 даана, прицеп 1даана, пресспадборщик 1даана тапшырылды. Аристен каржыланып калган 15 пайызын элдин салымы жергиликтүү бюджеттен каржыланды. айыл чарба техникалары  тандалган айдоочуларга тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын 2018-жыл аймактарды онуктуруу жылы деп жарыялаган жарлыгына карата Көк-Серек айыл өкмөтунун маалыматы

Кок-Серек айыл аймагы Жалал-Абад областына караштуу Ала-Бука районунун туштук батыш жагында жайгашкан.Айыл аймакта 6 айыл бар ,калкынын саны 6985 адамга жетип 1242 кожолук катталган.

Айыл аймгында 1 мектепке чейинки балдар бакчасы,3 орто мектеп,2 башталгыч мектеп,1 айылдык оорукана,1 уй-булолук дарыгерлер тобу,2 акушердик-фельдшердик пункт,1 чайкана ,3 мечит,2 мончо,1 чачтарачкана,1 почта туйуну,1 айылдык милиция болумчосу,1 тигуу цехи,1 АЗС жана бир канча сода-сатык дукондор бар.

Кок-Серек айыл окмотун 2013-жылдан тарта азыркы кунго чейин экинчи моонотко шайланып Исраилов Камчыбек Абазбекович ийгиликтуу жетектеп келуудо. Бул аралыкта Кок-Серек айыл аймагында коптогон жетишкендиктер,ири жанылануулар болду. Мунун далили катары бугунку кундо Кок-Серек айыл аймагы мамлекеттик дотацияда отурганына карабай  социалдык-экономикалык жаатында коптогон чон ийгиликтерге жетишти.

Атап айтсак Камчыбек Исраиловдун инвестор менен натыйжалуу иштешуу жолу менен айылдык торот уйун, айылдык оорукананы толук ремонттоп элдин пайдалануусуна берди.Ошондой эле  Тенги айылындагы Токтогул атындагы орто мектебинин жылытуу системасы менен полун жанылап, айылдык мечитти жана Бирлешкен,Кош-Болот айылдарындагы ФАПтарды капиталдык ремонттон чыгарды.Ак-Тайлак айылына 1 млн 248 мин сомго  1,5 км аралыктагы кочого тунку жарыкыктандыруу жана 2560000 сомго аралы 1 км асфалть курулуп элдин пайдалануусуна берилди.Тенги айылындагы  Таш-Арык участкасына жергиликтуу бюджеттин эсебинен 440 мин сом жана АКТЕД тарабынан 398832 сом, жалпы суммасы 838832 сомго узундугу 1650 метр электр линиясы тартылды.Мындан башка айыл чарба тармактарын сугат суу менен камсыз кылуу максатында АКТЕД тарбынан 840900 сом, айыл окмотунун бюджетинен 235100 сом жалпы суммасы 1 млн 76 мин сомго узундугу 380 метр канал ишке берилди. Онуктуруу фонд аркылуу 1844610 сомго Кош-Болот,Тенги айылдарынын кочолоруно тунку жарыктандыруу орнотулду.АРИС жана айыл окмотунун колдоосу менен 1860200 мин сомго МТЗ-82 трактору прицеп сокосу менен элдин пайдалануусуна берилди.Кош-Болот айылындагы негизги копуро 6 млн тегерегинде Республикалык бюджеттин эсебинен курулуп элдин пайдалануусуна тапшырылды.Ушундай ийгиликтуу иштердин натйыжасында Кок-Серек айыл окмоту 2016-жылдын жыйнтыгы менен райондо мыкты айыл окмот деп таанылып кочмо кызыл туу менен сыйланды, андан тышкары «Кыргыз Туусу»улуттук газетасы жарыялаган жалпы республикалык сынагынан утуп чыгып «Жылдын мыкты айыл аймагы деген ардактуу наамга татыды.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды онуктуру жылына карата Кок-Серек айыл аймагындагы аткарылган жана аткаруу алдында турган иштер    боюнча маалыматы                        

            Аткарылган жумуш         Наркы Мооноту Каржылоо булагы
1 Кош-Болот айылындагы негизги копуро 6000000 аткарылган Республикалык

бюджет

1 Бирлешкен айылына 1500м асфальт тошоо 8479924 аткарылууда Онуктуруу фонд

Айыл окмоту

 

2 Бирлешкен айылына 1500м жарыктандыруу 974037 аткарылууда Онуктуруу фонд

Айыл окмоту

 

3 Тенги айылына 2500м асфальт тошоо 12482534 31.08.2018-ж

буткорулот

 

Онуктуруу фонд

Айыл окмоту

 

4 Тенги айылынын Таш-Арык участкасына жарыктандыруу 967000 Август айы

 

Дем беруучу грант

Айыл окмоту

 

5 Тенги айылына спорт зал куруу 15291594 Июль айында

башталат

Онуктуруу фонд

Айыл окмоту

 

6 Трактор Беларусь МТЗ-82-1 (2 даана) 2822400 Проект

откорулгон

Арис

Айыл окмоту

 

7 Соко ПЛН-3-35    (2 даана) 200000 Проект

откорулгон

Арис

Айыл окмоту

 

8 Прицеп АЗ-8524   ( 2 даана) 698000 Проект

откорулгон

Арис

Айыл окмоту

 

9 Прессподборщик 82000 Проект

откорулгон

Арис

Айыл окмоту

 

Бардыгы 41997489

Мындан тышкары Кок-Серек айыл окмотунун башчысынын суранычы менен «КазМинералз Бозумчак» компаниясы тарабынан июнь айында айылдык ооруканага бир тез жардам машинасы жана стаматалогиялык аппарат тартууланат. 2020-жылга карата Кош-Болот айылына спорт зал жана Тенги айылынын Таш-Арык участкасына мини футбол аянтчасынын проектери буткорулуудо.

 

Кок-Серек айыл окмотунун башчысы:                                            К.Исраилов

Scroll To Top