INILIFE.RU
Башкы бет / Author Archives: Bektur (page 10)

Author Archives: Bektur

Чернобыль апаатынын 33 жылдыгы белгиленди.

Ала-Бука педагогикалык коледжинде Чернобыль апаатынын 33 жылдыгы белгиленди. Ала -Бука районунан 28 ардагер чакырылып, Ала-Бука коледжинин студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары К.Усенбаева баштаган мекеме уюмдардын өкүлдөрү катышып, өз сыйлыктарын тартуулашты.Ошондой Чернобыль АЭСнын катышуучуларына ардак громата жана акчалай сыйлыктар Ала-Бука айыл өкмөтү тарабынан да берилди. Чернобыль апаатынын катышуучулары менен биргеликте  үй-бүлө мүчөлөрунө сый-тамак тартууланды.

Нурмолдо эс алуу паркында ишенбилик…

13-апрель 2019-жылы Ала-Бука айылдык аймагынын Нурмолдо паркында ишембилик болуп өттү, ишембиликти Айыл Өкмөтү жана мекеме-уюмдардын кызматкерлери өткөрүштү.

Өрүктү айыл аймагында жыл жыйынтыгынын жыйыны…

Өрүктү айыл аймагынын башчысы Рустам Кийикбаев 2018-жыл аралыгында аткарылган иштер боюнча бүгүн жергиликтүү тургундарга отчёт берди.  Иш-чарага Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович жана мекеме уюмдардын жетекчилери  катышты.2018-жылда айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкош тургундарга, ишкерлерге, спортсмендерге «Ардак грамота» жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Өрүктү айылынын тургуну,акын, «Жазуучулар союзунун мүчөсү» Турумбетова Василяга Өрүктү айыл аймактын «Ардактуу айымы» наамы жана акчалай сыйлык берилди.

1-Май айыл аймагында эл аралык деңгээлдеги ишембилик…

         Республикалык масштабда жарыяланган ишембилик  1-Май айыл аймагында эл аралык деңгээлге чыгып, жогорку даражада өткөрүлдү!!! Коншулаш Өзбекстан Республикасынын Касан-Сай районунан ишембиликке 21 даана атайын техника, 200 чукул коноктор келишти. Ишембиликтин кульминациясы-район хокими Баходир аке өзү баштап, кечке чейин Ала-Бука районунун акиминин орун басары Бектур Сагымбаев баштаган жетекчилер менен бирге болду!!! Эки элдин ынтымагына багышталып, мал союлуп, бата тиленип, ыр-бий аралашкан эмгек майрамы өзгөчө болду!!!

Нооруз майрамы Ала-Бука аймактык ооруканасында…

  Бүгүн Ала-Бука районунун аймактык ооруканасында  «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында ишембилик өткөрүү менен Нооруз майрамына карата иш чара болуп өттү. Бул оорукана жыл жыйынтыгы менен эки жылдан бери райондук мекеме ишканалардын ичинен биринчиликти алып келет. 2017-жылы 3 млн.жакын инвестиция тартса, өткөн жылы 1,5 млн инвестиция тартып, оорукананын инфраструктурасы кыйла оңолду. Андан сырткары заманбап аппараттар менен толукталып, калктын ден соолугу үчүн 350 дөн ашык кызматкер иштеп келүүдө. Бүгүнкү жаз майрамына арналган иш чара да жогорку деңгээлде белгиленип, кыргыздын улуттук каада салттары даңазалануу менен улуттук ыр куулор жаңырып жатты. Ушул эле жерде кыргыздын улуттук тамагы сүмөлөк кайнатылып, ооруканада дарыланып жаткан бейтаптарга, келген конокторго тартууланды.

Адистерден куралган топ» тушоо кесүү» салты менен чуркашып, жаңы баскан наристенин тушоосун кесип, келечекте эли үчүн кызмат кылган инсан болушун каалап, бата беришти. Иш чарага райондун акими Э.Абдыкадыров катышып, жалпы дарыгерлер жамаатына ийгиликтерди каалап кайтты.

Нооруз майрамы, куттуу майрам…

8 миңге жакын калкы бар Ала-Бука районунун Өрүктү айылдык аймагында Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештируу жылынын алкагында «Нооруз 2019» иш чарасы өтүүдө.

Мында улуттук оюндар, каада-салт, спорттук оюндардан сырткары кыргыз боз үйлөрүнүн, улуттук ыр-бийлердин, кол өнөрчүлөрдүн таймаштары өткөрүлүп, элге майрамдык маанай эң жогорку деңгээлде тартуланууда.

 

 

Региондордогу жеке ишкердиктин өнүгүп жаткандыгын дагы бир далили.

Бүгүн Ала-Бука районунун борборунда жеке ишкер, Өрүктү айылынын тургуну Бекимбетов Кылычбектин соода борборунун ачылыш эземи болуп өттү. Кеңсээлерге ылайыкталган кенен, таза, кардарларга ыңгайлуу болгон бул жерден турмуш- тиричиликке керектүү кандай гана буюмдар болбосун, бардыгын табууга болот. Ушул эле жерден тамактанууга да жакшы шарттар түзүлгөн . Бул иш-чара региондордогу жеке ишкердиктин өнүгүп жаткандыгын дагы бир далили.Соода борбору Т.Сартмамбетов көчөсү менен Советская көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.

 

«Регионалдык өнүгүүнүн өзөгүн ишкердүүлүк түзөт. Биргелешкен аракет, келечектин кадамы»…

«2019-жыл — Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында  Ала-Бука райондук мамлекеттик администациясы тарабанан Ала-Бука районунун I ишкерлер конференциасы уюштурулуп, регионалдык диалог: «Регионалдык өнүгүүнүн өзөгүн ишкердүүлүк түзөт. Биргелешкен аракет, келечектин кадамы…» урааны астында иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага райондун аймагындагы ар кыл тармактагы ишкерлер, кооператив мүчөлөрү, мекеме иш-ишканалар өкүлдөрү, банк, финансы тармактары кызматкерлери, курулуш тармагындагы ишкелер , инвестиция жаатындагы мамлекеттик эмес уюмдардан өкүлдөр катышышып, ишкердикти өнөктөштүктө өнүктүрүү боюнча өздөрүн кызыктырган багыттар боюнча толук маалымат ала алышты.

Иш-чара район ишкерлери тарбынан райондун аймагында өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмө жарманкеси менен коштолду…

 

,,Таза коом-таза айылдан башталат»

Бүгүн Ак-Там айылдык аймагында ,,Таза коом-таза айылдан башталат» аттуу тазалык акциясы болуп өттү. ,,ЖУРТ КЕЛЕЧЕГИ» коомдук бирикмеси тарабынан берилген тазалык эстафетасын Ак-Там айыл өкмөтү кайсы айыл өкмөткө өткөрүп берүү жагын ойлонуп турган чагы….

«Жол кыймылы эрежелерин билип жүр!…»

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу N1 Т.Балтагулов атындагы орто мектебинин 4-класстарынын ортосунда «Жол кыймылы эрежелерин билип жүр» аттуу иш чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага мектеп администрациясы менен кошо райондук ички иштер, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышып, балдардын жол кыймыл аракеттерин канчалык деңгээлде билерин сынашты. Балдар өз билимдерин көрсөтүү менен концерттик тематикалык номерлерди көрсөтүштү. Иш чарага активдүү катышкан окуучуларга, алардын класс жетекчилерине аталган мектептин директору Г. Бейшекеева, башталгыч класстарынын завучу К.Сатиева ыраазычылыгын билдирип, алдыңкы орундарды ээлеген класстарга ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Scroll To Top