Ала-Бука районунун Ак-коргон айыл өкмөтүндө 2019-жылдын 1-январынан баштап ишке кирген жаңы кодекстер,балдарга ырайымсыз мамиле жана зордук зомбулуктун алдын алуу,чек-ара маселелери ошондой эле терроризм,экстремизм көйгөйлөрүн камтыган чоң жыйын болуп өттү. Жыйынга Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары К.Усенбаева,РИИБнын башчысы милициянын полковниги Р.Сулайманов,райондук прокурорунун жардамчысы Н.Бедияров,аскер болугунун юристи И.Асанов,жана Ак-Коргон айыл аймагынын башчысы Г.Фарманкулов ошондой эле көптөгөн райондук жетекчилер катышышты. Жыйында чогулган элдердин көйгөйлүү суроолоруна жооп берилди.