INILIFE.RU
Башкы бет / АЙМАКТАР / 1-МАЙ / 1-май айыл өкмөтүндө тажрыйба алмашуу боюнча семинар өткөрүлдү….
1-май айыл өкмөтүндө тажрыйба алмашуу боюнча семинар өткөрүлдү….

1-май айыл өкмөтүндө тажрыйба алмашуу боюнча семинар өткөрүлдү….

Аткаруучулук тартипти күчөтүү, иш кагаздарын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы 120 Токтому менен бекитилген Типтүү нускаманын негизинде иш алып баруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин токтомдорун сапаттуу аткаруу, «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасы, «Мамлекеттик сыйлык» автоматташтырылган системасы, «Жеке маалыматтарды коргоо» системасы менен практика жүзүндө тажрыйба алмашуу боюнча семинар өткөрүлдү.

Семинарга Ала-Бука районундук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Мыйзанбек уулу Талантбек, жалпы бөлүм башчысы Айжамал Орозбаева, уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча жетектөөчү адиси Эркин уулу Баяман, социалдык маселелер боюнча адиси Нураида Шарипова, райондун аймагындагы айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары катышты.

Семинардын жүрүшүндө аткаруу тартибин күчөтүү боюнча маселелер каралып, кемчиликтерди жоюунун жолдору талкууланды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, тескемелерди, токтомдорду аткаруу боюнча тийиштүү кызматкерлерге бир катар тапшырмалар берилди.

Автоматташтырылган маалымат системаларынын иштөөсү боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын адистери тарабынан практика жүзүндө маалымат берилди.

Коментарийлер жабылган.

Scroll To Top