INILIFE.RU
Башкы бет / Без рубрики / Эң сыймыктуу инсандар сыйланышты.
Эң сыймыктуу инсандар сыйланышты.

Эң сыймыктуу инсандар сыйланышты.

    КыргызРеспубликасынын президентинин жарлыгынын негизинде Ала-Бука районунун баатыр энелерине  ардактуу наамдар ыйгарылды.  Биздин баа жеткиз сыймыгыбыз болгон апа-энелер,  19  «Баатыр эне» ордени  жана  7   «Эне даңкы» медалдары менен  салтанатуу түрдө сыйланышты. Иш-чара  Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтүп, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан  даярдалган концерттик программалар менен коштолду. Дүйнөдөгү бардык мактоолорго татыктуу болгон энелерге таазим кылынып, алкыш сөздөрү менен жакшы каалоо тилектер айтылды.

       Айта кетчү нерсе: «Баатыр эне» ордени менен энелер — жети жана андан көп бала төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене боюнун жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай камкордуктун деңгээлин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат.     «Эне даңкы» медалы менен энелер — алты бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган, алтынчы баласы бир жашка толгон жана башка балдары тирүү Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланышат.   (КР 2017-жылдын 28-июлу №157 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндөгү мыйзамы.)

 

 

 

Коментарийлер жабылган.

Scroll To Top