INILIFE.RU
Башкы бет / Без рубрики / Сугат суунун тартыштыгы, учурдагы кризистик абалдан чыгуу жолдору жана ирригация тармагындагы көйгөйлүү маселелер каралды….
Сугат суунун тартыштыгы, учурдагы кризистик абалдан чыгуу жолдору жана ирригация тармагындагы көйгөйлүү маселелер каралды….

Сугат суунун тартыштыгы, учурдагы кризистик абалдан чыгуу жолдору жана ирригация тармагындагы көйгөйлүү маселелер каралды….

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурбек Сатаров учурдагы абалга ылайык чукул штаб өткөрдү.

Ага айыл өкмөт башчылары, СПА, суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери, айыл чарба департаментинин кызматкерлери, мураптар жана бир катар мекеме жетекчилери катышышты.Анда район башчысы жайкы суу тартыштыгын жоюу максатында тиешелүү кызматкерлердин ой-пикирин угуп, абалдан чыгуу боюнча сунуштар кенири талкууланды.

Жыйынтыгында, Сумсар, Ала-Бука жана Чанач-Сай системаларындагы дыйкандарга берилип жаткан сууну үнөмдүү пайдалануу, суу жеткирүүнүн даректүүлүгүн жана түнкү сугат ыкмасын уюштуруу максатында атайын кызматтардан группалар түзүлүп, көзөмөлдү күчөтүү керектигин билдирди.

Мураптар дыйкандарга, айыл башчылар, журнал түзүп, ар бир алынган суунун саатына чейин жазып кол койдуруу керектигин кошумчалап, Экотех кызматы жана айыл өкмөттөрү тарабынан сууну үнөмсүз туура эмес пайдалангандарга штраф салынаары эскертилди. Айыл окмот башчылары тарабынан жумушчу топтор түзүлүп, жер-жерлерде сугат сууга муктаж болгон участокторду, эгин талааларын аныктоо, айылдар аралык алгоо ыкмаларын уюштуруу маселелерин сүйлөшүп, мураптарга жакындан көмөктөшүүгө чакырды.

Жыйын учурунда сугат суу былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсе аз келип жаткандыгын адистер билдиришти.

Коментарийлер жабылган.

Scroll To Top