INILIFE.RU
Башкы бет / Без рубрики / Социалдык көйгөйлөр, иновация жана чексиз достук…
Социалдык көйгөйлөр, иновация жана чексиз достук…

Социалдык көйгөйлөр, иновация жана чексиз достук…

Көк-Серек айыл аймагынын Кош-Болот айылынын жаш жеткинчектери өздөрүнүн айылындагы социалдык көйгөйлөрдү АПШИФТ ыкмасы менен аныкташып, аны чечүү жолдорун долбоор жазышып, иштеп чыгышты. Аталган долбоорлордун  презентациялары Аксы районунун Кербен шаарында «Питчинг- 2020» аталышында болуп өттү. Жогорудагы иш-чаралар «Youth of Osh” коомдук бирикмеси тарабынан «#Чексиз достук» аталышында уюштурулуп, «Accelerate Prosperity» уюмунун көмөгүндө «ЮНИСЕФ» эл аралык уюму тарабынан каржыланат. Социалдык долбоорлор тынчтык куруу , иновация, туруктуулук, ишке ашыруу реалдуулугу, коомго тийгизген таасири сыяктуу критерийлердин  негизинде бааланып, жыйынтыгы 2020-жылдын февраль айында маалым болот.

Иш-чарага Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Ала-Бука райондук  билим берүү бөлүмүнөн жана ошондой эле Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Кербен шаардык мэриясынын вице-мэри, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөр, жаш активистер, ишкерлер, эл аралык жана мамлекеттик эмес уюм өкүлдөрү менен биргеликте жаш жеткинчекиердин ата-энелери, мектеп жамааты да катышышты.

Эскерте кетсек долбоор “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү ортосунда чек ара аймактарынындагы кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү үчүн 2017-2019-жылдарга биргелешкен иш-чаралардын планы” алкагында “Чексиз достук” аттуу жаштарга багытталган  иш-аракеттеринин негизинде ишке  ашырылып, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын 9 айыл өкмөттөрүнүн чек-ара аймактагы жаштарынын дараметин өстүрүү жана өзбек жаштары менен кызматташтыгын өнүктүрүүнү максатайт…

Коментарийлер жабылган.

Scroll To Top