INILIFE.RU
Башкы бет / РАЙОН ТУУРАЛУУ

РАЙОН ТУУРАЛУУ

Ала-Бука району боюнча маалымат.

Ала-Бука району 1937-жылдын 25-мартында Кызыл-Жар (Аксы) районунан бөлүнүп чыккан. Район 3,0миң кв.км.аянтты ээлейт. Областын борборунан 250км., ал эми республиканын борборунан 560км. алыстыкта турат. Деңиз деңгээлинен 1600-1800 метр бийиктикте жайгашкан. Райондун түштүк тарабы Өзбек Республикасынын Наманган областына караштуу Жаңы-Коргон, Касан-Сай, Чуст жана Папан райондору менен ал эми түндүк тарабы Чаткал жана чыгыш тарабы Аксы райондору менен чектешет.


Ала-Бука районунун символикалары

 

ГЕРБ

Автору: Эшенкулов Т.А.

ТУУ

Автору: Касымов З.

Ала-Бука районунун ураан ыры

Сөзү: Камбарбеков К., Темиралиев Т.
Музыкасы: Стамбеков А.

Пир тутуп ата-бабасын
Сакташып салтын, мурасын
Нур чачкан куттуу жеримде
Урпагы жашайт Манастын

Жерибиз кызыл данга бай
Жайыты түмөн малга бай
Эмгекчил шайыр элдери
Ала-Букам менин бактым ай

Токойго, керкке карк кылган
Тоолору жатат чалкыган
Ойчул болгон замандын
Нурмолдо чыккан калкымдан

Достук баалап жаш карың
Көбөйүп элим, катарың
Кылымдап калкым өсө бер
Кыйлага кетти катарың

Жылоолоп кыдыр жолдошуң
Өнүгүп элим тойлосун
Мүрөктүн суусу тамган жер
Миңжашар бабам колдосун

Калкы:

Ала-Бука районунда 8 айылдык аймак 41 калктуу конуштар бар.

Калкынын саны  — 100638
  А.и:
  эркектер  — 51316
  аялдар 49322
Улуттук курамы:
кыргыздар 69025
өзбектер 33776
тажиктер 4702
орустар 32
украиндер 8
немистер 1
татарлар 39
уйгурлар 3
 ж.б. улуттар 20

 

Айыл чарбасы: Райондо 20миң га айыл чарба багытындагы жер аянты бар. Анын ичинен:  суулуу   — 13910га, кайракы —  6092га.

Райондо 75 кооператив, 467 дыйкан чарба, 4731 жеке 2 мамлекеттик чарба түзүлгөн. Айыл чарбасында негизинен буудай, жүгөрү, картошка, төө буурчак, күн карама, жашылча-жемиштер, пахта ж.б. өсүмдүктөрү өстүрүлөт. жергиликтүү калк мал чарбачылыгы менен да эмгектенишет.

 

Өнөр жайы: райондун аймагында кен байлыктарын казып иштетип жаткан 8 ишкана бар Алар: ОсОО “Казакмыс Голд Кыргызстан” ишканасы, ОсОО  “Фулл  Голд  Майнинг” ишканасы, ОсОО “Долина Кассана” ишканасы, ОсОО  “Эвентус” ишканасы, ОсОО “Чаткал 17” ишканасы, ОсОО “Хайленд Эксплорейшн” ишканасы,ОсОО “KGM Ltd” ишканасы ОсОО “KGM Ltd” ишканасы. 2015-жылдын I кварталында 289млн. 529миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп алынган.

 

Транспорт тармагы: райондун 689км. ички жолдор түзүп, анын ичинен 153км мамлекеттик жана 536 км. жергиликтүү маанидеги жолдор.

 

Билим берүү тармагы: райондун аймагында 46 жалпы билим берүү мектеби, анын ичинен 35 орто, 5 негизги, 6 башталгыч мектеп бар. Райондук билим берүү мекемелеринде 1323 мугалим эмгектенип, 17112 окуучу билим алууда.

Орто мектептерден 2 гимназия мектеби, 5 гимназия классы, 23 китепкана, 2 музей, 2 маданият үйү, 14 айылдык клуб жана  25 бала бакча бар.

 

Саламаттыкты сактоо тармагы:  райондо саламаттыкты сактоо максатында аймактык оорукана (4 участкалык филиалы менен), Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (17ФАП, 14 ГСВ) жана тиш дарылоо поликлиникасы бар.

 

Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылдык аймагына караштуу Сафед-Булан айылындагы “Шах-Фазил” мамлекеттик тарыхый маданий корук музейи боюнча маалымат.

Бүгүнкү күндө Сафед-Булан айылындагы “Шах-Фазил” мамлекеттик тарыхый-меморалдык комплекси улуттун дили менен динин түптөөдө зор тарыхый мааниси бар эстеликтердин бири болуп эсептелет. Ал эстелик жайгашкан жер VII-VIII кылымдарда Борбор Азияга Ислам дининин таркалып калыптануусундагы реалдуу окуялардын тарыхый орду болуп саналат.

“Шах-Фазл” мамлекеттик тарыхый маданий корук музейи негизинен  X1-кылымга таандык.  Бул корук музейи 2010-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында түзүлүп, 10 кызматкерге штаттык бирдик каралган. (Корук музейинин директору, анын орун басары, 2 илимий кызматкер, жетектөөчү адис, инженер, бухгалтер, кассир, иш алып баруучу жана тарыхый комплекстин күзөтчүсү.)

Корук музейинин аймагындагы курулуштар негизинен Караханийлер доорунда  курулган анда 9 негизги обьектилер бар.

Алар “Шах-Фазлдин күмбөзү”, “Каллахана”, “Сафед-Буландын күмбөзү”, “Кыргын мечит”, “Шейиттер кабыры”, “Хожа Аламдардын күмбөзү” жана “Хоуз”, “ТОО”, “АРК” обьектилери. 

Булкорук музейине зыярат кылуу максатында көптөгөн мекендештерибиз жана чет өлкөлүк туристтер келишет. Өткөн 2014-жылы корук музейге 1400дөн ашык мекендештерибиз келип зыярат кылып кетишкен.  Андан сырткары АКШ, Туркия, Араб өлкөлөрү, Россия, Кытай, Белгия, Англия, Щвеция, Казахстан, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу чет өлкөлөрдөн да туристтер келишет.

2012-жылы корук музейдин аймагындагы 2 кабаттуу “Кыргын мечити”  Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын аракеттери жана алардын жардамдары менен курулган.

Учурда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 7.0 млн сом каралып, музейди реставрациялоо жумуштары башталып, жумуш жүрүп жатат.

Коментарийлер жабылган.

Scroll To Top