INILIFE.RU
Башкы бет / Без рубрики / Район башчысы айыл өкмөттөрдүн активдүү жаштарын кабыл алды…
Район башчысы айыл өкмөттөрдүн активдүү жаштарын кабыл алды…

Район башчысы айыл өкмөттөрдүн активдүү жаштарын кабыл алды…

Район башчысы айыл өкмөттөрдүн активдүү жаштарын кабыл алды.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Н.Б.Сатаров айыл аймактардагы ар башка кесип ээси болгон жаштарды кабыл алып, алар менен жакындан таанышып, жаштар мамлекеттик айрым учурда аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон кезде чоң күч болуп, жакындан жардам берип, кырдаалдан чыгарып жатканын белгиледи. Аларга бир эле мисал, пандемия мезгилиндеги учурду эске салып, районубузга атайын жаштар тарабынан демилгелүү топ, мүмкүн болсо фонд түзүү керектигин кошумчалады.

Анда райондук жаштар Кеңешинин төрагасы Нурбек Абдраимов жаштар комитетинин структурасы, башталуу тарыхы, аткарылып жаткан иштери боюнча маалымат берип, жаштар сунуштарын айтышты. Алардын бири Өрүктү айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин депутаты Гүлнура Элтузерова Өрүктү айыл аймагында ачылуу алдында турган «Энелер мектебин» уюштуруу үчүн райондук деңгээлде укуктук тамыр түптөө багытында РМА нын жана РББнүн көмөктөшүү сунушун айтса, көпчүлүк жаштар райондун тазалыгын сактоо, айыл аймактардагы жаштар менен тыгыз иштешүү, спорт тармагын жандантуу боюнча пикирлерин билдиришти.

Аким, мындай жолугушуу ар ай сайын өткөрүлүп, жаштар менен тыгыз иш алып баруу, районубуздун өнүгүүсүнө салым кошуу болорун баса белгилеп, чогу иштешүүгө даяр экендигин билдирүү менен жакынкы күндө ишке ашырылуучу айрым долбоор ээлерине белектерин берди.

Баарыбызга маалым болгондой учурда жаштарды колдоо боюнча эч бир айыл өкмөттөрдө атайын кызмат орундуктар жок, бюджеттен акча каражаты бөлүнбөйт, каржылоо булагын бейөкмөт уюмдардан алышат.

Коментарийлер жабылган.

Scroll To Top