INILIFE.RU
Башкы бет / РАЙОНДУН АКИМИ

РАЙОНДУН АКИМИ

       

       Чаргынбаев Кайырбек Кабылбекович.

 

Чаргынбаев Кайырбек Кабылбекович 1983-жылдын 26-декабрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында туулган, улуту кыргыз, билими жогорку.
Чаргынбаев Кайырбек Кабылбекович 2005-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономикалык факультетин “Финансы жана кредит” адистиги боюнча аяктаган. 2010-жылы Чүй Университетинин юридикалык факультетин аяктап, юриспруденция адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 2005-2006-жылдары ПЛУАД №4-экономист болуп иштөөдөн баштаган. 2006-2007-жылдары “ICP” Консалтинг компаниясында менеджер, 2007-жылы Биринчи май району боюнча мамлекеттик салык кызматында инспектор, 2007-2008- жылдары Бишкек бажысынын кирешелердин статистикасы жана талдоо бөлүмүндө оператор, 2008-2010-жылдары «ЮМА-Траст» ЖЧКда юрист, 2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын Ноокат жана Араван райондору боюнча бөлүмү жана Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча бөлүмү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын Борбордук аппаратынын ыкчам кызматкери, Кыргыз Республикасынын Бажы жана салык кылмыштары менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкери (Финансы полициясы), 2012-2015-жылдары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча борбордук аппаратынын экономика жана финансы чөйрөсүндөгү укук бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук күзөтчүсү, 2015-2016-жылдары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, 2016-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн башчысы, 2017-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ысык-Көл облусунун Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору жана Каракол шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн башчысы, 2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жеке курамынын карамагында, 2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ысык-Көл облусунун Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору жана Каракол шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн башчысы, 2021-жылдын ноябрь айынан 2022-жылга чейин Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өздүк курамынын карамагында, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын финансы-экономика башкармалыгынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук боюнча инспектору болуп эмгектенген. 2022-жылдын июль айынан баштап ушул күнгө чейин Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким кызмат ордунда эмгектенип келүүдө.
Чаргынбаев Кайырбек Кабылбековичтин Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы”, “Мыкты кызматкер”, “Күжүрмөн”, “Адилет”, “Шаң” — ведомстволук сыйлыктары жана “Финансы полициясына 25 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланган.
Ошондой эле 2016-жылы Египет Араб Республикасынын академиясында кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана адалдоого каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмашуу боюнча стажировкадан өткөн. Финансы полициясынын майору, ички кызматтын майору.

Коментарийлер жабылган.

Scroll To Top