INILIFE.RU
Башкы бет / АЙМАКТАР / АК-ТАМ / Курманбаев Абдиназар агабыздын жаркын элесине арналган турнир….
Курманбаев Абдиназар агабыздын жаркын элесине арналган турнир….

Курманбаев Абдиназар агабыздын жаркын элесине арналган турнир….

Ак-Там айыл аймагына караштуу Жапа-Салды айылында СССРдин волейбол спорт түрү боюнча курама командасынын оюнчусу жана волейбол боюнча спорт чебери маркум Курманбаев Абдиназар агабыздин жаркын элесине арналган спорттук турнир болуп өттү. Ачылыш аземинде Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Эмилбек Ысакулович баштаган бир катар жетекчилер, маркумдун туугандары сөзгө чыгышып, спортчуларга ийгилик каалашты. Иш-чарага район аймагынан келген волейбол командалары катышышып, жыйынтыгында:1-орунду Сары-Талаа, 2-орунду Кош-Алмурут, 3-орунду Келте жана 4-орунду Баймак командалары ээлешти. Жеңүүчүлөргө турнир кубогу жана акчалай сыйлыктар ташырылды.

Коментарийлер жабылган.

Scroll To Top