INILIFE.RU
Башкы бет / Без рубрики / Жеке ишкерлерди колдоо-жумушсуздуктун алдын алат….
Жеке ишкерлерди колдоо-жумушсуздуктун алдын алат….

Жеке ишкерлерди колдоо-жумушсуздуктун алдын алат….

Жакында Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурбек Бейшеналиевич жеке ишкерлерди, кичи кооператив ээлерин кабыл алды.

Анда район башчысы жеке ишкерлер менен жакындан таанышып, кыйын кырдаалда мамлекеттин күчү жетпеген көйгөйлөр өлкө боюнча жеке ишкерлер тарабынан аткарылып, кырдаалдан чыгаргандыгына ыраазычылык билдирип, келечек муундун жумуш менен камсыздалып, миграцияны азайтуунун бирден-бир жолу ишкерлерди колдоо экендигин баса белгиледи.

Жыйынга салык кызматы, электр тармактар ишканасы, кадастр жетекчилери катышып, ишкерлер тарабынан жаралып жаткан көйгөйлөрдү угушту. Райондук прокуратура башчысы Мелис Жормонов ишкерликти колдоо боюнча чыгарылган жаңы мыйзамдар боюнча тааныштырып, мындан ары ашыкча текшерүү болбостугун, ишкерлерди жана алардын товарлары бийлик тарабынан коргоого алынарын билдирди.

— Ишкерлерди колдоо менен районубуздун экономикалык-социалдык абалы бир топ жакшырат, алардын бири » Байталаа» логистикалык соода борбор ишке берилсе 2000 жаран туруктуу жумуш менен камсыздалат. Мындан ары ишкерлер менен тыгыз иш алып баруу менен кийинки жылдан райондук «Өнүктүрүү» фондундагы каражаттар негизинен өндүрүштү колдоого, муниципалдык ишканаларды ачууга жумшалат. Себеби, бүгүнкү күндө мектеп, спорт залдарды куруп жатабыз, эгерде тоо-кен өз ишмердүүлүгүн дагы беш, он жылда аяктап аймагыбыздан чыгып кетсе, биз салынган имараттарды республикалык бюджеттен ремонттой албайбыз, ошондуктан эң биринчи жумуш орундарын түзүү, жана кайра эле бюджетке киреше түшүрүү үчүн алдыдагы пландарды ишке ашыруу керек дейт- аким Нурбек Сатаров .

Белгилей кетсек районубузда атайын жеке ишкерлер ассоциациясы уюшулган. Анын башчысы Алмаз Ташанов мырза. Баарыбызга маалым болгондой пандемия мезгилинде ишкерлер жана райондогу активдүү жаштар калктын аярлуу катмарына азык-түлүк жана медицина кызматкерлерине коргонуучу форма, аймактык ооруканага атайын кислород түтүкчөлөрүн орнотуп беришкен.

Коментарийлер жабылган.

Scroll To Top