INILIFE.RU
Башкы бет / АЙМАКТАР / АЛА-БУКА / Ала-Бука айыл аймагындагы алгылыктуу иш-аракеттер…
Ала-Бука айыл аймагындагы алгылыктуу иш-аракеттер…

Ала-Бука айыл аймагындагы алгылыктуу иш-аракеттер…

2019-жыл жай айлары Ала-Бука айыл аймагында бир топ иштер кызуу түрдө жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек Сары-Талаа айылындагы Н.Орозалиев жана Ала-Бука айылындагы К.Шарипов, Ч.Асанов көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди.  С.Ибраимов көчөсүндөгү селкананы тазалоо жумуштары кызуу жүрүп,Достук айылындагы «Наристе» балдар бакчасын тосмолоо жумуштары башталды. Ошону менен катар Сары-Талаа айылындагы Орто-Коргон көчөсүн шагалдоо жумуштары жүрүп жатат. Айыл аймактагы балдар бакчаларынын материалдык-техникалык жана социалдык базасын чыңдоо үчүн «Жоогазын»балдар бакчасына 50 даана, «Келечек»балдар бакчасына 10 даана, «Наристе» балдар бакчасына 20 даана эки кабаттуу керебет, ошондой эле «Жоогазын» балдар бакчасына 40 даана, «Наристе» балдар бакчасына 70 даана, «Алтын» балдар бакчасына 50 даана, «Достук» балдар бакчасына 35 даана, «Жылдызча»балдар бакчасына 30 даана отургуч, «Күнчубак»балдар бакчасына балдар үчүн шкафтар сатып алынып берилди. Ала-Бука айыл аймагындагы билим берүү мекемелерин кайра калыбына келтирүү (ремонт) иштерине керектелуучу материалдар таркатылып, учурда жумуш жүрүп жатат. Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ошондуктан жаңы технологияларды пайдаланып, аймагыбыздын өнүгүү темпине дем берүү максатында балдар бакчаларына камералар орнотулду.

Коментарийлер жабылган.

Scroll To Top