КАБАРЛАР
INILIFE.RU
Башкы бет / АЙМАКТАР / Региондорду өнүктүрүү жылына карата.
Региондорду өнүктүрүү жылына карата.

Региондорду өнүктүрүү жылына карата.

Кош майрамга күбө болушту.

Балдар биздин келечегибиз деп бекеринен айтылбаган. «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет» демекчи бүгүнкү наристе эртеңки жетекчи, мыкты  адис, педагог-тарбиячы.

2018-жыл 1-июнь балдарды коргоонун Эл аралык күнүн ар жылы белгилеп майрамдык маанайда өткөрүп келебиз. Бул жылы айыл аймак боюнча 4 айылдын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын балдарын, реконструкцияланып жаңы ишке берилүүчү Ак-Коргон маданият үйүндө өткөрүүнү чечтик. Арийне маданият үйү баары бүткөрүлүп, орундук менен пардасы калган болчу. Кош майрам Рамазан айына туура келип, иш чарага Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орунбасары Усенбаева Калчабү Сатимбаевна, адиси Батыров Жуман Кушубакович, райондук маданият бөлүмунүн жетекчиси Жунусов Таалай Исматиллаевич, АПК профсоюз Жаназарова Салима Багышевна, 2030 аскер бөлүгүнүн Баймак чегара заставасынын башчысы Касымбек уулу Залкарбек, Райондук социалдык өнүгүү башкармасынын жетекчиси Рыскулов Идрис-Бек Мелисович, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнун башчысы Узаков Муратбек Курманбекович, А.Д.Балтагулова атындагы №21 лицейдин директору Кулбаева Зулайка Эшматовна, айылдык кеңештин депутаттары, ата-энелер айыл активдери катышышып, акчалай белектерин тапшырышты. Ак-Коргон маданият үйү көп жылдардан бери капиталдык ремонтко муктаж эле. 2016-жылы районду өнүктүрүү фондунан 2 млн 800 миң сом, жергиликүү\ бюджеттен 289279 сом жалпы 3 млн 89 миң 279 сомго чатырын жабууга жетиштик, андан соң 2017-жылы 2 млн 201 миң 130   сомго а.и. 454776 сом жергиликтүү бюджеттен болуп ички ремонтун стим.гранттан бүткөрдүк. 2018-жылы ички жарыктандырууну айыл өкмөтүнүн бюджетинен 268 миң 550 сомго апрель айында бүткөрулдү. Ишке киргизүү үчүн орундук, парда, жылыткыч, музыкалык аппаратура керектелгендиктен айыл өкмөт башчысы Фарманкулов Голибжан Рахманбердиевич катуу киришип орундук жана парда алып келинип орнотулду. Жалпы суммасы 710 миң сом жергиликтүү бюджеттен жумшалды. Кыш киргиче жылыткыч менен аппаратура алууга да дареметибиз жетип калар деп билдирди жетекчибиз. Сонунда 500 (беш жүз) даана балмуздак балдарга таркатылып берилди.

Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары:                                          Ө.Төрөбеков.

 

Коментарийлер жабылган.

Scroll To Top